Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 7-июнда Молдованын парламентинин депутаттар тобун кабыл алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, төрагасы Молдова парламентинин депутаттарына парламентаризмди өнүктүрүү, аймактык кызматташуу механизмдерин өркүндөтүү маселелери талкууланган “Борбордук Азиядагы аймактык кызматташууда парламентчилердин орду” темасындагы эл аралык конференцияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Молдова парламентинин жалпы элдик башкаруу жана аймактык өнүгүү боюнча комиссиясынын төрагасы Эдуард Мушук өлкөдө демократияны өнүктүрүү жолунда парламент маанилүү ролду ойнорун билдирди. Жолугушууда тараптар парламенттер аралык, мамлекеттер аралык мамилелерди жандандыруу зарылдыгын белгилеп, экономикалык кызматташтык, туризм тармагындагы маселелерди талкуулашты.