АКШнын Калифорния штатында тик учак турак үйдүн үстүнө кулап түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 3 адам каза болгон. Дагы 2 адам оор жаракат алган.
Тик учак кырсык болгон жерден 1 чакырым 600 метр алыстыкта жайгашкан Каунти аймагындагы Жон Уэйн атындагы аэропорттон көтөрүлгөн. Анын ичинде 4 жүргүнчү болгондугу жазылат кабарда. Полиция кырсыктын себептерин иликтей баштаган.