Швед окумуштуусу картошкадан сүт алып, сатыкка чыгарууну көздөөдө
Швед окумуштуусу картошкадан сүт алуунун жолун ойлоп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Швециядагы Лунд шаарында жайгашкан университетте эмгектенген окумуштуу Ева Торнберг картошкадан сүт иштеп чыгуу менен алектенип, жыйынтыгында көздөгөн максатына жеткен.
Окумуштуунун картошкадан сүт алуусунун эң негизги максаты - уй сүтүнөн аллергиясы бар адамдарга ыңгайлуулукту түзүү болгон.
"Уй сүтүнүн курамында бар лактоза (сүт канты) кээ бир аллергиясы бар адамдардын саламаттыгына коркунуч туудурат, ошол себептен аны алмаштыруучу каражат табуу керек эле", - деп билдирген Торнберг.
Ошондой эле картошкадан алынган сүттүн курамына 6 пайыз рапс өсүмдүгүнүн майы кошуларын жана анын курамында адамды аллергия кылуучу бир дагы зат болбой тургандыгын окумуштуу кошумчалаган.
Сүт лабораториядагы атайын текшерүүлөрдөн өтүп, 2018-жылдын аягында сатыкка чыгары жазылат маалыматта.