Баткен. Студенттер күнүнө карата Шайыр тапкычтар клубунун таймашы өткөрүлдү

17-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата БатМУнун окуу бөлүмдөрүнүн ортосунда Шайыр тапкычтар клубунун таймашы өткөрүлдү. Ага Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен шаарынан 5 команда катышты. Баткен облустук Маданият үйүндө өткөн ШТК аябай кызыктуу болуп, күйөрмандарды күлкүгө бөлөдү. Жыйынтыгында БатМУнун башкы мекемесинен келген "Ха-ха бойз" командасы биринчи болсо, 2-орунду Кызыл-Кыя шаарынын командасы алды. Ал эми 3-орунга Баткен гумманитардык-экономикалык колледжинин "Эркектер" командасы илинди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан