Бүгүн Ай Жерге башкача жарык, чоң, кызыл жана көк аралаш түстө көрүнөт. Акыркы жолу мындай өзгөчө кубулуш 152 жыл мурда болгон

Бүгүн, 31-январда Ай Жерге башкача жарык, чоң, кызыл жана көк аралаш түстө көрүнөт. Булар чанда гана кездешчү кубулуш катары саналат, бирок баары тең бир күндө боло турганы таң каларлык. Себеби мындай учур 1866-жылдын март айынан тарта кездешкен эмес. Кийинки жолу мындай кубулуш 2028-жылдын декабрь айында гана кайталанышы ыктымал.

Айдын өзгөчө көрүнүшүн болжол менен Кыргыз өлкөсүнүн убактысы боюнча саат 17:30дан 21:11ге чейин көрүүгө мүмкүн. Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, Түндүк Америка, алыскы Чыгыш өлкөлөрү, Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин жашоочулары көрө алышат.



"Супер Ай" же Айдын башкача жарык жана чоң болуп көрүнүшү Жер менен бири-бирине болушунча жакын жайгашкандан улам болот.

Белгилей кетсек, Айдын кызыл өңдө чыгышы акыркы жолу 1982-жылы катталса, Айдын көгүш түстө толушу ушул жылдын 2-январында кездешкен.



Өзгөчө кубулуш АКШнын Аэронавтика жана космостук мейкиндикти изилдөө боюнча улуттук башкармагынын (НАСА) сайтында түз эфир аркылуу да көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Missing-u
2018-01-31 12:52:27
Кече корунду сонун болуп
+2
Batma08
2018-01-31 12:57:30
Былтыры 14 ноябрдада коргонбузго чон болот деп жазышкан эле
+1
suban78
2018-01-31 13:45:59
Ошондой кечээ кечинде ай кундогудон чон корунду эле, тан калып койгом
+1
Beks.Kasymov
2018-01-31 13:56:17
кийинки паланчанчы жылда болот екен депеле кайра бир айдан кийин бугун корунот деп еле жаза берет екенсинерда
+2
shahlet
2018-01-31 18:07:49
Биз дагы кече байкадык эле, бугун дагы байкап королучу!
0
Rasul94
2018-01-31 21:10:57
Айды коруш учун от жагып эле олтурбасак.суук катуу
0
Omurbek998
2018-01-31 22:38:24
Кадимкидей еле болуп турат азыр карадым
0
tuki
2018-01-31 23:03:10
ЖУРОК тушту туруп эле кара Кызыл болуп калды
+2
Alman__kg
2018-02-01 00:20:41
Баткендин Кыштут айылынан да соонун болуп жарык корунду кундогудон озгочолонуп
0
Nurmat92
2018-02-01 00:46:47
Саат кечки 9 бир карадым күндөгүдөй эле көрүндү эчтеке деле өзгөрүү байкаган жокмун
+1
Eli.91
2018-02-01 00:50:09
Эчкандай байкалууну коргон жокмун?купкундогудой эле ай чыкды?андан башка эчнерсе коро алган жокмун.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-01 01:30:52
Ай каякта журот озу
+2
Nestana95
2018-02-01 03:33:33
Bolunbo.kyrgyz,жашынып алып журот да булуттарга карларга деп койдум
0
Rasul94
2018-02-01 19:54:35
Bolunbo.kyrgyz,ха ха хаа
0
Nestana95
2018-02-01 03:32:57
Кызыл эмес го....бирок коз уялткан башкача болуп турат Турция тараптан корунушу
0
ruslanz
2018-02-01 09:07:11
кундогудой эле болду
+1
tynchy
2018-02-01 10:10:43
Кечинде жетиден сегизге чейинки убакта башкача корунуп турду булуттар жаап калганго деп коп маани берген эмес элем
0
Rasul94
2018-02-02 10:26:53
tynchy,Ай 10дон отуп чыгып атат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан