Асылбек Жээнбеков: "Түркиянын Кыргызстанга колдоо көрсөткөнү өзгөчө 2010-жылдагы Июнь окуясында даана байкалды"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 7-июнда Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мухаммед Четин менен жолугушту. Жолугушууга Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчал да катышты. Жээнбеков "Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү парламентчилердин ролу" аттуу эл аралык конференцияга катышкандыгы үчүн Четинге ыраазычылык билдирип, "Түркия Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи таанып, дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн тартып эле колдоо көрсөтүп келет. Өзгөчө ал биздин өлкө башынан оор күндөрдү өткөрүп жаткан 2010-жылдагы Июнь коогалаңы учурунда даана байкалды", - деди А.Жээнбеков.

 

Ошондой эле төрага Түркия Кыргызстандын мамлекеттик карызын кечиши жана жеңилдетилген насыя берүүсү 2010-жылкы коогалаңдан кийин өлкө экономикасын калыбына келтирүүдө өз маалында кошулган салым болуп калганын баса белгиледи. 

Өз учурунда Мухаммед Четин "мамилелер өлкө жетекчилеринин эле эмес, элдердин ортосунда да артышы керек. Түркия Кыргызстанга өсүп-өнүгүүнү каалайт. Биздин өлкөнүн акыркы 80 жылдык тарыхында күтүүсүз окуялар көп болгон, ошондуктан кыргызстандыктарга алардын кайталанбашын каалайм. Ар коогалаң өлкөнү 20 жыл артка сүрөт" деди.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды тереңдетүү, аймактагы коопсуздук, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, ошондой эле мамлекеттердин өз ара карым-катышы жана диний конфессиялар боюнча пикир алышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан