БУУ: "2030-жылы Кыргызстандагы орустардын саны азыркыдан 2 эсеге кыскарат"

БУУнун болжолдоосу боюнча 2030-жылы Кыргызстандагы орустардын саны азыркыдан 2 эсеге кыскарат же 194 миң адамды түзөт. Учурда өлкөдө 380 миң орус улутундагы жаран бар. БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (UNFPA) маалыматына таянсак, ар бир 5 жылда Кыргызстан 50 миңдей орус улутундагы жаранды жоготот. 2010-жылы өлкөдө 427 миң орус жараны болсо, 2015-жылы бул сан 367 миңге кыскарат. 2020-жылы 309 миң, 2025-жылы 251 миң, 2030-жылы Кыргызстандагы орустардын саны 194 миңди гана түзүп калмакчы. Маалыматтар боюнча, 2012-жылы 20 миң орус улутундагы жаран өлкөдөн чыгып кеткен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан