Декларация: Билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденованын 2012-жылдагы кирешеси 198884 сом
2012-жылы билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Зууракан Каденова негизги иш ордунан 198884 сом киреше тапкан. Бул маалымат анын бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясынан алынды. Анын ошондой эле 47 чарчы метр аянтты ээлеген 1 батири бар экендиги көрсөтүлгөн аталган документте. Каденованын жакындары 2012-жылы 78640 сом киреше тапса, аларга таандык 450 чарчы метр аянтты ээлеген үй бар.