Декларация: Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Раимбек Мамыров 2012-жылы 618762 сом киреше тааптыр

Тапшырган декларациясына көз салсак, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Раимбек Мамыров 2012-жылы негизги иш ордунан 618762 сом киреше тааптыр. Ошондой эле ага караштуу 454,9 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 1,2 гектарлык жер тилкеси, 120 чарчы метрди ээлеген дагы бир үй жана 2005-жылы чыгарылган Лексус RX 300 үлгүсүндөгү унаа бар. Мамыров кайсы бир ишкананын 51,8 пайыз акциясына да ээлик кылат. Анын жакындары былтыр 1854400 сом киреше тапса, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрү төмөндөгүлөр: 394 чарчы метр жана 155,9 чарчы метр аянтты ээлеген кыймылсыз мүлктүн башка түрлөрү. 2010-жылы чыгарылган Тойота Прадо жана 2000-жылы чыгарылган Даймлер Бенц унаалары. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан