2013-2014-окуу жылында Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 5705 бюджеттик орун берилет
2013-2014-окуу жылында Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга 5705 бюджеттик
орун берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
билдирди. Маалыматка ылайык, бул орундар 23 окуу жайларга
берилмекчи. Бюджеттик орундар тоо-кен, билим берүү, компьютердик технологиялар,
энергетика, саламаттыкты сактоо, маданият жана искусство, курулуш, айыл чарба, транспорт тармактары
боюнча адистерди даярдоо үчүн бөлүнөт. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин
жана Коргоо министрлигинин кызматкери болууну каалагандар үчүн дагы бюджеттик
орундар каралмакчы.