Декларация: Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Келдибек Ибраев 2012-жылы 381783 сом киреше тапкан. Мингенге автоунаасы жок экен

Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Келдибек Ибраев 2012-жылы негизги иш ордунан 381783 сом киреше тапкан. Бул маалымат аталган мамлекеттик кызматкердин бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында жазылган. Ибраевге тиешелүү 151,3 чарчы метр аянтты ээлеген үй жана 1 жер тилкеси бар (аянты көрсөтүлгөн эмес). Ал эми анын жакындары 2012-жылы 85000 сом киреше тапса, 4 соток аянтты ээлеген бир үйдүн ээси. Министрдин орун басары декларацияга өзүнүн жана жакындарынын кыймылдуу мүлкү тууралуу эч нерсе жазган эмес.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан