Баткен шаарында КРнын аскерлерди даярдоо планы менен Орусиянын жана КРнын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын планына ылайык, 3-июндан 7-июнга чейин “Достук - 2013” биргелешкен батальондук тактикалык машыгуусу болуп өттү.
Кыргыз тараптан машыгууга: Коргоо министрлигинин ыкчам тобу, Түшүк-батыш аймактык командачылыгынын командасы, атайын багыттагы бригаданын аскер кызматчылары, артиллериялык бөлүкчөлөр, камсыздоо жана тейлөө бөлүкчөлөрү, ошондой эле Абадан коргоо кучтөрүнүн тик учактары катышышты. Ал эми Орусия тараптан Бириккен Орусиялык аскер базасынын учак жана тик учактардын экипаждары катышты. Бул машыгууну коргоо министринин орун басары полковник Жаныбек Капаров жетектеп машыгуунун максаты тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: "Машыгуунун негизги максаты – аскердик башкаруу органдарынын ишин бирдиктүү тартипте өркүндөтүүгө биргелешкен операцияларды даярдоо менен жетишүү операцияларды өткөрүү жана ага даярдоолорду жүргүзүү, камсыздоонун бардык түрлөрүн уюштуруу менен штабдын ишин жөнгө салуу. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдагы абалдарды жана аймактагы коопсуздукту камсыздоону бирдиктүү иштеп чыгуу". Машыгуунун күжүрмөн атууларды камтыган акыркы жыйынтыктоочу этабы 7-июнь күнү болуп өттү. Анда Баткен шаарындагы 30630 аскер бөлүгүнүн полигонунда кыргыз жана орус аскер кызматкерлери өзгөчө шарттагы мыйзамсыз куралчан аскер түзүмдөрүн талкалоо жана блокадага алуу боюнча биргелешкен операцияларды киргизүүнү жүзөгө ашырышты. Машыгуунун кийинки бөлүгү машыгуунун мыкты катышуучуларын сыйлоо менен жана концерттик программа менен улантылды.