"Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспорт менен жүргөнүбүз үчүн уялбай эле койсун", - деп бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева билдирди.
Касымалиева коомдук транспорт менен жүргөнү үчүн уялбай турганын айтты. "Биз маршруттук такси менен жүргөнүбүз үчүн уялбайбыз. Тескерисинче сыймыктанабыз. Камчыбек Жолдошбаевдин бүгүн Жогорку Кеңеште айткан сөзүн кескин сындайм. Ал уялбай эле койсун. Коомдук транспорт менен жүргөндөн кемибейбиз, жумушубузга таасир этпейт", - деди Касымалиева.
Белгилей кетсек, бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев жөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жүрө турганын жарыялаган. Алар: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева жана Альфия Самигулина.