Украинанын мурдагы премьер-министри Николай Азаровго кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Бул тууралуу Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Мурунку премьер-министр Николай Азаров "Укргаздобыча" жана "Укрнафта" ишканаларын мыйзамсыз ээлеп, мамлекетке 4 миллиард 4 миллион рубль зыян келтирүүгө катыштыгы бар деген негизде кылмыш иши козголду", - деп жазат Луценко.
Ошону менен катар эле “Черноморнефтегазды” мыйзамсыз менчиктештирүүгө катыштыгы бар деп Украинанын Улуттук банкынын мурдагы башчысы Сергей Арбузовго да кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.