Белгилүү америкалык "Times Higher Education" басылмасы дүйнө жүзүндөгү эң кооз имаратка ээ болгон жогорку окуу жайлардын тизмесин жарыялады.
10. Эң кооз имаратка ээ жогорку окуу жайлардын тизмесинин 10-сабына Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (МГУ) жайгашкан. Аталган окуу жай Орусиядагы эң байыркы университет болуп эсептелет, ал 1755-жылы негизделген. Университеттин негизделишине эң биринчи орус академиги Михаил Ломоносов зор салымын кошкон. Окуу жайдын башкы имаратын куруу иштери 1949-жылы башталып, 1953-жылы расмий ачылышы болгон.
9. Тизменин 9-сабында Ирландиянын борбор шаары Дублинде жайгашкан Тринити колледжи орун алган. Аталган колледж 1592-жылы негизделген. Бул колледждин өзгөчөлүгү имараттын сырткы гана көрүнүшүндө эмес, ичиндеги чоң залында жана китепканасында. Бул жерден көптөгөн тасмалар да тартылган.
8. Ар бир эле окуу жай ак мөңгүлүү бийик тоолорго болгон көрүнүш менен мактана албайт. Ал эми Франциянын Гренобль шаарында жайгашкан университетинде бул мүмкүнчүлүк бар. Анткени окуу жайдын короосунан жана аудиториялардын терезесинен Альпы тоолорунун укмуштуудай кооздугуна суктанууга болот.
7. Швециянын Уппсала шаарында жайгашкан окуу жайдын имараты архитектор Герман Теодор тарабынан өзгөчө стилде долбоорлонгон. Университет 1880-жылы курулган. Арадан көп убакыт өтсө да ал өзүнүн алгачкы көрүнүшүн сактап кала алган.
6. Гданьск техникалык университети Польшанын Гданьск шаарында жайгашкан. Окуу жайдын имараты бир канча архитектуралык стилде курулуп, айланасына көптөгөн эстеликтер орнотулган.
5. Даниядагы эң чоң шаарлардын бири Орхус шаарында орун алган университет жаратылыш менен адам жараткан нерселер өз гармонияда өкүм сүрө алат дегенге эң жакшы далил болуп эсептелет. Окуу жайдын башкы имараты Даниянын тарыхындагы эң маанилүү 12 имараттын катарына кирет.
4. Германиянын Росток шаарында эң байыркы университеттердин бири жайгашкан. Бул университетке тапшырган студенттердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Имарат готикалык стилде курулган. Окуу жайдын башкы имараты шаардагы эң чоң сейил багынын жанында орун алган.
3. 1290-жылы негизделген Португалиядагы Коимбра университети бүткүл Коимбра шаары көрүнө турган тоонун боорунда орун алган. Университеттин борбору бул эски, тарыхый хан сарай. Дал ушул хан сарайда окуу жайдын символу болгон саат мунара да жайгашкан.
2. Испанияда жайгашкан Саламан университети дүйнө жүзүндөгү эң байыркы университеттердин тизмесинде 3-орунда турат. Окуу жай 1134-жылы алгач чет элдик студенттерге тил үйрөтүүчү окуу жай болуп ачылган. Имарат ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.
1. Италиянын Болон университети 1088-жылы негизделген. Ал дүйнө жүзүндөгү эң байыркы жана эң кооз жогорку окуу жай болуп эсептелет. Университеттин китепканасында 200 миңден ашуун томдук китептер бар.