"Элдик кабардын" январь айындагы жеңүүчүсү: "90 жыл мурун салынган мектептин ордуна жаңысы курулмайынча аракетимди токтотпойм"

"Бала ыйлабаса эмчек жок" деген макалды эске салган абалды "Элдик кабардын" январь айындагы жеңүүчүсү деп табылган окурман билдирүүдө. Мындан 90 жыл мурун курулган мектептин абалына мышык ыйлачудай болуп турса да тиешелүү тараптын кебелбеген мамилесине күбө болуп жаткан Айбек Сабирмамат уулу бул көрүнүшкө кол шилтеп коё албастыгын айтат.

Тактап айтканда, ал SUPER.KG порталына Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн. Аталган мектепти 2005-жылы эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу деп тыянак чыгарып, окутууга тыюу салган.

Коомчулук тарабынан дээрлик кылым кызмат кылган мектептин абалы талкууга алынып, эмне үчүн жаңы мектеп курулбай жатканына жооп издегендер көбөйдү. Бул арада Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын курулуш боюнча башкы адиси Урбай Кенеев: "Мектептин ордуна быйыл да жаңы мектеп курулбайт, балдар окуусун ушул эле мектепте улантышат", - деп жооп берген. Ал мындай жооп райондук бөлүмгө Билим берүү жана илим министрлигинен келгенин айткан эле.

SUPER.KG порталы аталган министрликтен "мындай жооптун" себебин сурап кайрылганда, министрлик Урбай Кенеевдин билдирүүсүн четке кагып, бул жылга карата жаңы курула турган мектептердин тизмеси азырынча бекитиле элек деген кабарды айтты.

"Кенеев эмненин негизинде мындай маалымат бергени белгисиз, биз ал менен такташабыз", - деди министрликтин Мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы Бакыт Кадыркулов.

Анын айтымында, учурда бул жылы курула турган мектептердин тизмеси тактала элек.

"Биз адегенде кооптуу болуп жаткан мектептердин тизмесин Мамлекеттик курулуш агенттигине сунуштайбыз. Атайын тиешелүү мекемелер менен биргеликте Каржы министрлигинен бөлүнгөн каражатка жараша жыл ичинде курула турган объектилер тандалып, тизмектелет. Ал тизме өкмөткө жөнөтүлөт. Өкмөт тизмени карап чыгып, алчусун алып, кошчусун кошуп өкмөт башчы бекиткенден кийин Каржы министрлигине жөнөтөт. Биз аталган мектепти сунушка киргизгенбиз, бирок азыр тизмелер тактала элек", - деди Кадыркулов.

Бир нече жылдан бери бийлик тараптан көңүл бурулбай, жылдан-жылга жарыгы өчкөн чырактай болуп, кароосуз үйдүн элесин берген мектепти жазуучу жана коомдук ишмер Салижан Жигитов, тарыхчы Кыяз Молдокасымов, акын Алтынбек Исмаилов жана башка белгилүүлөр аяктаган.

"Эсил кайран СССР учурунда мектептин сүрөтү Москвадагы ВДНХда илинип, даңкталып турган. Мектеп эскирди, жаңы мектеп салыш керек деп коңгуроо кагылганына эле жарым кылымга жакындап калды. Барбаган жер, айтпаган жетекчи калбады. Шайлоодо мектептин маселеси көтөрүлөт. Андан кийин жок... Кыскасы ушул мектептин бүтүрүүчүсү катары мен да маселени көтөрүп келем. Убадаларды көп уктум...", - деп билдирет тарыхчы мектеп тууралуу.

Ал эми жергиликтүү тургундар: "Алдыда жаз келе жатат, жаан-чачындуу мезгилде кокус кырсык болуп кетсе, андан кийин жаңы мектепти кургандын эмне жыйынтыгы болот?! Ким жооп берет?! Биз күн сайын балдарды окууга чоң тобокелчилик менен жөнөтөбүз", - дешет.

Порталга кабар жөнөткөн Айбек Сабирмамат уулу ушул маселе чечилип, жаңы мектеп курулмайынча аракеттерин токтотпой турганын белгиледи.

"Мен бул мектепте 11 жыл окудум, эс тарткандан бери эле жаңы мектеп куруш керек деген көйгөйдү айылдаштарымдан угуп чоңойдум. Азыр 27 жашка толдум, дале өзгөрүү жок. Учурда дубалдары урап, полдору түшүп такыр жараксыз абалга келди. Алыста туруп тизме түзүп, курулат-курулбайт деп айтып коюу башка кеп, ал эми күн сайын кооптуу жайга балаңды жөнөтүү - бул такыр башка кеп. Мектептин курулушун чечкендер ошондой кооптонгон сезимди сезбей жатышат. Кудай сактасын, бирок кырсык болуп кетсе ким жооп берет?! "Жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" дейт кыргыз", - деди жеңүүчү.

Ошондой эле ал айылдык активисттер биригип, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө эмес, өкмөткө кайрылуу жолдоонун аракетин көрүп жатканын айтты.

"Сиздердин порталга чыккандан кийин коомчулук талкуулап, маселени аягына чыгарууга биргеликте аракет көрөбүз дегендер көбөйдү. Райондон бир эле "кийинки жылы" деген жоопту бир нече жылдан бери угуп келебиз. Бул жылы өкмөткө, жалпы журналисттерге кайрылууну маселе чечилмейинче токтотпойбуз", - деди ал.

Айта кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү 193 мектеп кооптуу абалда турганына карабастан балдар окутулуп жатканын билдирген. Анын ичинен 120сын жаңылап куруу муктаждыгы бар. 10 мектеп урап калуу коркунучунда болгондуктан иштебей турса, 63 мектепти капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүү зарылчылыгы турат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
adi_ko.kg
2018-02-01 19:08:00
Биз качан женичу болот экенбиз))
+2
aza84
2018-02-01 19:16:34
Бугун жалан Ошский кабарларго
-14
almanbetperm
2018-02-01 23:39:55
aza84,ошскийлерден айланып кет,ичин куйсо туз жала
+4
Kuba-savai87
2018-02-01 19:49:54
Мен айткам ушу женуучу болот деп. Азамат кут болсун
+5
edik.toloikon
2018-02-01 22:11:25
кандай телефон берет жеңүүчүгө?))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан