Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары 90 жыл мурун курулган имаратта окушат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-январда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 2016-жылы мектепти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү адистери текшерип, 3-категориядагы кооптуу абалда деп тыянак чыгарып, пайдаланууга тыюу салган.
"Ага карабастан азыркы учурда 500дөн ашуун окуучулар окуп жатышат. Ар бир класстардын дубалдарынан жаракалар кетип, полдору түшкөн. Балдар сууктан үшүп ооруганы көнүмүш адатка айланды. Ал эми эң коркунучтуусу - дубалдар урап жатат. Тез арада комиссия түзүп, көзөмөлгө албаса балдар окуп жатканда урап калса ким жооп берет? Ар бир ата-эне баласын окууга тобокелчилик менен жөнөтөт", - деген окурман.
Эске салсак, аталган мектептин абалы тууралуу өткөн жылы да окурман билдирүү жолдогон. Анын негизинде Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектептин курулушу 2017-жылы куруу планына кире тургандыгын айткан.
"Бирок 2017-жыл өтүп кетти, андан бери тиешелүү бир да органдардын өкүлү келип кабар алган жок", - деген окурман.
Аталган мектепте учурда 540 окуучу билим алат. Ал эми окуучуларга 35 мугалим таалим-тарбия берет. Билимкана 1928-1929-жылдары курулган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.