"Салянованын сотунда айыптоочулар тарабынан көрсөтүлгөн 2 күбөнүн ойдон чыгарылганы аныкталды" дейт жактоочу

Салянованын сотунда айыптоочулар тарабынан көрсөтүлгөн 2 күбөнүн ойдон чыгарылганы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-февралда Аида Салянованын жактоочусунун жардамчысы Марлен Керимкулов билдирди.

"Аида Салянова Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартып, анын негизинде ал азыр чет өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жадакалса сайт ачып иштетип жатат деп айыпталып жатат. Ошол Елисеевдин сайты учурда иштебейт, тергөөчүлөрдөн жана алардын протоколдо көрсөткөн Эржан Жолдошбек уулу жана Акжол Марасулов аттуу 2 күбөсүнөн башка эч ким көргөн эмес. Биз ошол эки күбөнүн аты-жөнүн тактап, ушундай адамдар биздин өлкөдө бар-жогун аныктап берүүсүн өтүнүп, Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганбыз. Алар биздин өтүнүчүбүзгө жооп беришти, натыйжада тергөөчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн эки күбөнүн таптакыр эле жок экени аныкталды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, алар эч качан Кыргыз өлкөсүндө жашаган да эмес, паспорт да алган эмес", - дейт Марлен Керимкулов.

Ошондой эле ал сотко тергөөчүлөр боюнча иликтөө жүргүзүү тууралуу өтүнүч келтирилгенин, сот аны четке какканын, бирок чечим чыгарып жатканда эске аларын айтканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
roklait
2018-02-01 21:15:38
Эптеп эле камаш болуп калыптырда.Өзүңөрдүн да башынарга түшөт бул нерсе.
-2
didu
2018-02-01 21:29:59
Ата мекенчилерди болушу мумкун депеле камап жатат окшойт
+1
_adil_
2018-02-01 23:35:14
Ашанын синарийи болчубул. Озун турмого отргузаар кунда келээр адилеттуулук орносо олкодо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан