Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Июнь окуясынын 3 жылдыгын эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн Ош шаарына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кабарлангандай, иш-чарада өкмөт жетекчиси 2010-жылдагы Июнь каргашасында курман болгондорго арналып тургузулган "Энелердин көз жашы" монументине гүл коёт. Окуяда каза тапкандардын арбагына багышталып куран окутулат. Ошондой эле Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад шаарына да барып, "Санпа" эстелигинин алдында өтчү эскерүү митингине катышат.