Шаардын ар кайсы аймактарында окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Иш-чарага катышкан Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду:
"Урматтуу туугандар, сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүүгө дайым даярбыз. Жакын адамын жоготуу абдан оор жана кыйын. Бул биздин да башыбыздан өткөн, Июнь окуясын эстегенде биздин да жүрөгүбүздөн кан агат, эстеген сайын бейкүнөө өтүп кеткен ага-инилерибизге, эже- карындаштарыбызга куран окуп турабыз. Жараткан бейишинен орун берсин деп ар убак тилеп келем". Мындан башка да бир нече мамлекеттик кызматкерлер ал каргашалуу күндү эскеришип, анда каза тапкандардын жакындарына сабырдуулук каалашты.