Түркияда өкмөткө каршы нааразычылык акциясы уланууда. Ишембиден жекшембиге караган түнү жүздөгөн демонстранттар Стамбулдун райондорунда укук коргоо органдарынын көздөн жаш агызчу газ колдонушуна жооп иретинде унаа дөңгөлөктөрүн өрттөп, фейерверктерди ыргытышты. Полиция кызматкерлери митингчилерди таратуу үчүн атайын каражаттарды колдонууну улантышууда. Маалыматтарга ылайык, жаракат алгандардын саны 4 миңге жетип, 4 адам каза тапты. Эске салсак, 31-майда бийликтин Стамбулдагы Гези сейил багын бузуу планынан тутанган нааразычылык акциясы өкмөткө каршы жүрүшкө айланган. Демонстранттар премьер-министр Режеп Тайып Эрдоганды “авторитардык бийликти орнотуп жатат” деп айыптап, өкмөттүн отставкасын жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо жарыялоону талап кылышууда.