"Кыргызстан" фракциясы электрондук капчыктарды чектөө боюнча Улуттук банктын сунушун карап жатат

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясы электрондук капчыктарга тыюу салуу боюнча Улуттук банктын сунушун карап жатат. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бул жарандардын жана каржы рыногунун коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтты.

"Байланыш операторлору депозитти сактоого кепил болбойт. Эгер байланыш оператору банкротко учурай турган болсо, ал каражаттан колдонуучу кол жууп калышы мүмкүн. Которулган каражаттар электрондук капчыкта коопсуздукка кепил болбойт. Анткени бул кызмат менен кайсы бир террорчу, криминал, уруулар акча которуу жүргүзгөн болсо, ал аныкталса, биз дүйнөдөгү "кара тизмеге" кирип калышыбыз мүмкүн. Анда Орусия, Түркия жана башка өлкөлөрдө жүргөн жарандар каражат которо албай калат. Бардык электрондук капчыктар каттоо аркылуу болушу керек. Улуттук банк каржы рыногунун туруктуулугун көзөмөлдөйт. Лицензияга ылайык, алар тейлөө гана жүргүзүшү керек", - деди Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2018-02-03 01:46:19
Электрондук капчыкка болгону 15000 сом максимум салынат. Терорчу 15000 менен коздогон максатына жетпейтго?! Тероррист кааласа биздин бажы кызматкерине пара берип коюп эле чек арадан миллион акчаларды алып кирип кетет, же болбосо чыгарып кетет. Улуттук банк байкабай да калат.
0
tular
2018-02-03 01:48:20
Бул жерде каржы рыногу конкуренцияга туруштук бере алышпай калды. Ошол себептен каршы чыгып жатасынар. Элдин унун да угуп койгулачы.
0
tular
2018-02-03 01:50:36
Урматтуу Супер инфонун админи, ушул боюнча толугураак маалымат берип тургулачы жана азыркы маалда КАРШЫ жана МАКУЛ деген добушка коюлган, добуш боюнча маалымат берип коюнуздарчы!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан