Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда “ата журтчу” 3 депутат боюнча кезектеги сот иши жүрүп жатат. Алгач Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров 2010-жылдагы Июнь окуясында курман болгондору 1 мүнөттүк эскерүүнү сунуштады. Мындай өтүнүчтү айыпталуучулар, жактоочулар да колдошту. Сот залына экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун келип куран окуй турганы айтылды эле, муну соттук курам четке какты.