"2014-жылы “Тамчы” аэропорту учактардын бардык түрүн кабыл ала баштайт" деди Жантөрө Сатыбалдиев

"2014-жылы “Тамчы” аэропорту учактардын бардык түрүн кабыл ала баштайт". Бул тууралуу Ысык-Көлдө туристтик сезондун ачылышында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. “Биз туристтер үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондой эле бул тармактагы биринчи тапшырма - “Тамчы” аэропортун бүтүрүү. Аэропорттун курулушун ушул жылдын аягына бүтүрүү планыбызда бар. Кийинки жылы учактардын бардык түрүн кабыл ала баштайт. Азыр болсо чартердик каттамдарды гана кабыл алууда,- деди өкмөт башчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан