Марс Матисанов, жабырлануучу: "Ата журтчу" 3 депутатка дооматым жок"

Бишкек шаардык сотунда “ата журтчу” 3 депутат боюнча кезектеги сот иши уланып жатат. Жабырлануучу катары суралып келген УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Марс Матисанов айыпталуучуларга дооматы жок экенин айтты. “Мен ал күнү Ак үйдүн батыш тарабындагы өткөрмө пунктта тургам. Бир маалда митингчилер келишип, шлагбаумдан ашып кире баштаганда шлагбаумдун үстүнө жатып алдым. Ошол маалда менин оң колума бирөө катуу темир менен урду. 20 күн колумду таңып жүрдүм. Бирок айыпталып жаткан депутаттарга эч кандай дооматым жок”,- деди Матисанов. Айта кетсек, бүгүнкү сот процессинде жабырлануучу УКМКнын кызматкерлери сурак беришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан