Камчыбек Ташиев: "Бизге убакыт бөлө албаган башкы прокурор Аида Салянова 5 саат сулуулук салонунда отурат экен"

“Башкы прокурор, спикер, бизге кылмыш ишин козгогон башкы прокурордун биринчи орун басары сот жайынына келиши керек. Эгер келишпесе, анда алардын мамлекетти сыйлабастыгы. Алар бизге карата чыгарылган өкүмдөрдөн коркушат, күбөлөрдү күч менен алып келүүгө соттордун алы жетпейт. Бизге убакыт бөлө албаган башкы прокурор Аида Салянова 5 саат сулуулук салонунда отурат экен”,- деди айыпталып жаткан депутат Камчыбек Ташиев сот жыйынында. Учурда сот процессинин катышуучуларынын өтүнүчтөрү угулуп жатат. Анда соттук курам кээ бир күбөлөрдү сот ишине алып келбей эле алардын берген маалыматын кагаз түрүндө окууну айтты. Бирок көпчүлүк жактоочулар менен 3 депутат бул сунушка каршы чыгышты. Соттук курам Аида Салянованы кийинки соттук отурумга чакырыла турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан