Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту 7-февралга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына депутаттын жардамчысы Улан Байышбеков билдирди.
"Бишкек шаардык соту ишти бүгүн карамак. Шыкмаматовдун жактоочусу Чынара Жакупбекова аталган фракциядан депутат Аида Салянованын соттук отурумуна катышат. Ошондуктан отурум башка күнгө жылдырылды", - дейт Улан Байышбеков.
Белгилей кетсек, депутат Шыкмаматов Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.
19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.
Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Иманалиев 10 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланып, эркиндикке чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебейт. Ал эми алар менен бирге айыпталып жаткан Юксел жазадан бошотулган.