Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарында Июнь окуясынын 3 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Быйыл Ош жана Жалал-Абад шаарларында болгон улуттар аралык жаңжалга 3 жыл толду. Аталган шаарларда учурда Июнь окуясын эскерүү иш-чарасы белгиленүүдө. Бүгүн, 10-июнда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарына келип “Энелердин көз жашы” эстелигине гүл коюп, тынчтык коңгуроосун какты. Иш-чарага социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, облус башчы Сооронбай Жээнбеков, мэр Мелис Мырзакматов жана башкалар катышты. Андан соң эл менен жолугушуп, каргашада жакындарын жоготкондорго көңүл айтты. Ошто жылдагыдай эскерүү кечеси борбордук аянтта эмес, жер-жерлерде орун алууда. Куран окулуп, маркумдар эскерилип жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан