Сот. Жактоочулар 3-октябрдагы митингде депутат Талант Мамытовду УКМКнын кызматкерлери сабагандыгын күбөлөндүргөн видеотасманы көрсөтүүнү сунуштоодо

Бүгүн, 10-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги соттук отурум улантылууда. Анда 2012-жылдын 3-октябрында өткөн митингде депутат Талант Мамытов менен УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлеринин мушташып жатканы тартылган видеотасманы көрсөтүү сунушталууда. Жактоочулардын айтымында, бул видеотасма 1 апта мурун келип түшкөн, авторлору ким экендиги айтылбайт. Ак үйдүн 2-кабатынан тартылган тасмада Мамытовду бир канча адам сабап жатканы тартылып калганы айтылууда. Бул сунуш ачык бойдон калды, соттук отурум саат 14:00дө улантылат. 

"Ата журтчулардын" жактоочулары Т.Мамытовду УКМКнын кызматкерлери сабаган дешүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан