Мелис Мырзакматов: "Июнь окуясынан кийин Ош шаарын калыбына келтирип бүттүк, учурда жүрөктөгү жараны дарылоо иштери жүрүп жатат"
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында каргашалуу Июнь окуясынын 3 жылдыгы эскерилип,
жер-жерлерде аза күтүү болуп жатат. Шаар мэри Мелис Мырзакматов журналисттерге берген интервьюсунда, калаанын бардык жеринде эскерүү иш-чаралары болуп жатканын, ошону менен бирге түшүндүрүү
иштери да жүрүп жатканын айтты. "Иш жүзүндө шаарды калыбына келтирип бүттүк.
Жүрөктөгү жараны дарылоо, идеологиялык иш-чаралар жүрүп жатат. Бир гана нерсени
баса белгилейин, быйыл Ошко инвесторлор келе баштады. Чет жактан келип,
миллиондогон каражаттарын Ошко жумшап жатышат. Ушунун өзү стабилдүүлүк орноду,
мындан ары тынчтык болот дегендин
белгиси”,- деди Мырзакматов.
Автор: Дастан Үмөтбай уулуФото: Дастан Үмөтбай уулу