Сапар Исаков: "Быйыл январда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бажы төлөмдөрү эки эсеге көп жыйналды"

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен кызматтын 2017-жылкы ишинин, ошондой эле 2018-жылдын январь айынын жыйынтыктарын талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, баяндаманын жүрүшүндө Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. "Сиздин тапшырмаңыз боюнча биз акыркы бир жарым ай ичинде бажы төлөмдөрүн администрациялоо тутумун жакшыртуу үстүндө күчтөндүрүлгөн иш алып бардык. Ал өзүнүн жыйынтыктарын берүүдө. Тактап айтканда, 2018-жылдын январь айында 2 миллиард 8 миллион сомдон ашуун бажы төлөмдөрү жыйналган, ал эми болжолдонгон көлөм 1 миллиард 9 миллион сомду түзгөн эле. Өсүү темпи 146,2 пайызды же 907 миллион 3 миң сомду түзгөн", - деди.

Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматын реформалоо өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыты катары саналарын белгиледи. "Мамлекеттик бажы кызматындагы реформалардын алгачкы жыйынтыктары бир жарым ай ичинде бюджетке өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эседен көп түшүүлөрдү алып келди. Биз бажы органдары боюнча түшүүлөрдүн өсүү динамикасын көрүүдөбүз. Айрым бажы органдары боюнча түшүүлөр бир нече эсеге жогорулады. Мен бажы тармагында резервдер жана чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишенем. Коррупцияга каршы күрөшүүдө чечкиндүү кадамдардын жасалышын талап кылам", - деди Сапар Исаков.

Маалыматка ылайык, жалпы чогултулган бажы төлөмдөрүнүн суммасынын ичинен алымсыз бажы төлөмдөрү 1 миллиард 838 миллион 1 миң сомду түзгөн. Белгиленген пландан 870 миллион 8 миң сомго жогору. ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык түшүүчү киргизүү алымы 1 миллиард 33 миллион сомду түзгөн. Коюлган пландан 36 миллион 5 миң сомго көп.

Андан соң Кубанычбек Кулматов өкмөт башчыга 2017-жыл үчүн Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 34 миллиард 2 миллион сом көлөмүндө камсыз кылынгандыгын, болжол менен 98,4 пайыз аткарылгандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында премьер-министр жана Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы кызматты реформалоо боюнча келечектеги чараларды талкуулады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kechirmeni
2018-02-05 16:26:18
тузук тузук ушунунардан жазбагыла, иштесе, жебей эле топтосо болот экен го
+2
sarbo
2018-02-05 16:41:51
ошондо да жетинбейбиз го?
0
Mers124
2018-02-05 17:03:01
Раим миллион кетери менен эки эсе коп чогулса. Бажынын жарымы Кыргызстанга тушсо, жарымы Раим миллионго тушуп турганбы?
+3
Jelezo
2018-02-05 17:08:15
Мындан да эки эсе көп түшмөк таза иштешсе
+5
Дарыгер
2018-02-05 17:31:40
Жок бул Казакстандын кысымы алдында, биздин бажычылар туз иштеп калды. Нурсултан Назарбаевге Рахмат. Дагы кичине кыр коргозсо бийликтегилер дагы озгорушоор беле
+1
Mehazahn57
2018-02-05 22:12:58
Раим миллион курутуп жургон экенда акчанын баарын. Исаковдун козго коруноор жумушун корбодумго, бирок ушул Раим миллионду жумуштан алганын баалаймда
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан