Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 9-июнда 4-пленардык жыйынынын ишине катышуу үчүн Анкара шаарына барды. Иш сапардын алкагында Жээнбеков Казакстан Парламент Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык эки тараптуу форматта да, эл аралык уюмдардын алкагында да жогорку деңгээлде уланып жаткандыгын баса белгилешти.
Спикерлер Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын ишин өркүндөтүү, анын катышуучу өлкөлөрүнүн маданий, гуманитардык жактан жакындаштыруу жаатында пикир алышты. Асылбек Жээнбеков кыргыз тарап Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясына төрагалык кылган мезгилдеги иш жыйынтыгы тууралуу айтып берди.