Салянованын коомдук жактоочусу: "Соттук материалдар 12 томдон турса, көпчүлүгүнүн ишке тиешеси жок"

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын соту уланып, тараптар жарыш сөздөрүн айтышты.

Түштөн кийинки отурумда прокурорлордун жарыш сөзүнөн кийин кезек депутаттын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыковага жетти. Ал соттук материалдар 12 томдон турса, көпчүлүгүнүн ишке тиешеси жоктугун айтты.

Иш убактысы бүтүп калгандыгына байланыштуу соттук жамаат ишти кароону 6-февралга жылдырып, анын сөзүн угуу менен улантмай болду.

Иш Ленин райондук сотунда каралып жатканда судья Кубанычбек Касымбеков Сыдыкованы "материалга тиешеси жок сөздөрдү сүйлөп жатат" деген негизде жарыш сөздөн четтетип салган. Ал сөзүндө депутатка кылмыш ишин ачуудагы кемчиликтерди атаган. Тактап айтканда, коомдук жактоочунун айтымында, депутатка кылмыш иши 2016-жылдын 26-декабрында козголсо, андан 11 күн мурун Салянова күбө катары суракка чакыртылып көрсөтмө берген.

Бүгүнкү отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
NURSAPAR
2018-02-05 19:10:16
Саляновага эркиндик!!!!...
-3
Krai
2018-02-05 22:07:40
Бироого ор казсан кененирээк каз
Кийин озун баткандай болсун деп...
Бекеринен кыргыз элим айткан эмес
Убагында Мелис Мырзакматовду кандай соттодун эле... табалабайм бирок тообо келтирем
+1
Rifle_I
2018-02-06 08:40:36
Krai,Мелис Мырзакматов азыр каякта ?
0
Kuyoo_bala
2018-02-06 00:09:21
12 том дейби...Манас жолдо калыптырго атангоруууу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан