"Кыргызстанда жергиликтүү соттор жетишпейт". Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ЖКнын Сот укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирди. Айтымында, 401 жергиликтүү соттун ордуна учурда 350 гана сот иштеп жатат. Ошондой эле Жамашева Кыргызстанда иштеген соттордун 43 пайызы айымдар экендигин кошумчалады.