Бүгүн, 6-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өкмөт Мамлекеттик бажы кызматына түшкөн акча эселеп өсүүдө деп маалымат таратты. Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов 2018-жылга чейин Борбордук бажыга күнүнө 30 миллион сомго жакын акча түшсө, 1 айда бул сумма 2 эсе өскөнүн айтат. Ал эми "Ош" бажысына күнүнө 1,5-2 миллион сом түшүп жүрсө, январда дароо 10 эсе көбөйүп 15 миллион сомду түзгөн. 1,5 ай мурда Сапар Исаковдун чечими менен Бажы кызматынын башына барган Кубанычбек Кулматовдун алгачкы ийгилиги ушундай. Бажыдагы мындай "секирик" жакшы жаңылык болуу менен катар суроолордун толкунун жаратты.
Бажы тармагын коррупционерлер басып отурганы Жогорку Кеӊештин трибунасында көп жолу айтылып келди. 2017-жылы Казакстан менен Кыргыздын мамилесине доо кетирген чек ара окуясында Казак бийлиги Кыргыздын Бажы кызматын коррупцияга айыптап, контрабандага жол ачып ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатат деп жарыялаган. Биримдиктин жыйынында Казак өкмөт башчысы “коррупция, мыйзамсыз товар ташуу маселесин жоюушу керек”, - деп айтып, чек ара кризисине Кыргыз тарапты жоопкер кылган. Ушул өӊдүү сындар өкмөттү Бажыда кадрларды алмаштырууга түрттү. 2017-жылы ноябрда премьер-министр Сапар Исаков Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, "Ош" бажысынын жетекчиси Райым Матраимовду иштен алган. Эл оозунда "Раим миллион" же "Ош" бажысынын көмүскөдөгү "кожоюну" аталып жүргөн чиновник "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесине ылайык, тагыраагы, "жасаган иши саясий жетекчилик тарабынан кабыл алган чечимдерге жана жүргүзүлгөн саясатка ылайык келбегени үчүн" деп кызматтан алынды. Кыскасы, жетекчиликтин ишениминен кетти деп кызматтан бошотулган.
Расмий маалыматка таянсак, Райым Матраимовдун Бажыдагы сапары 1997-жылы башталган. 2004-жылы Матраимов катардагы инспекторлуктан бөлүм башчылыкка дайындалат. 2005-2007-жылдары "Ош" бажысынын башчысынын орун басары, 2007-2013-жылдары "Ош" бажысынын башчысы болуп турган. 2013-2015-жылдары Ош, Баткен, Жалал-Абад бажыларын карамагына алган Түштүк бажы башкармалыгын жетектеген. 2015-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Сөздү Кулматов көрсөтө баштаган жыйынтык менен улантсак. "Ош" бажысынын 1 эле күндүк кирешеси жетекчилик алмашкан соң 10 эсе өскөнү чын болсо, демек, мурунку жетекчинин тушунда казынага түшпөй жүргөн миллиондор үчүн кимдир-бирөө жоопкерчилик тартышы керек. Бул өӊүттөн караганда "Ош" бажысына жооптуу адамды кызматтан алып коюу жетиштүү жаза эмес, тескерисинче, жазадан куткаруу. Кулматов айткан цифралар "Ош" бажысында күнүнө 13 миллионго жакын сом казынага түшпөй жүргөнүн көрсөтүүдө. Ушундай эле суроо Борбордук бажынын жетекчилигине да берилүүгө тийиш. Жетекчи алмашкан соӊ бул жерде күн сайын 60 миллион сом түшүп баштаса, буга чейинки жетекчинин тушунда 30 миллионду кимдер кымырып жүрүшкөн?
Сапар Исаков Бажыда эски системди өзгөртүү аракети старт алганын, бул иштин аягына чыгарын айтканы бар. Ал үчүн "карга карганын көзүн чокушу" керек болот. Бажы кызматын учурда КСДПнын кадры жетектөөдө. Райым Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимов да КСДПнын атынан Жогорку Кеӊеште депутат. Экс-чиновникти Башкы прокуратура менен УКМКнын сурагынан депутат агасынын статусу сактап турган жокпу? Коррупцияга каршы күрөшүү азыркы президенттин да башкы пландарынын бири эле. Ажолукка аттанганда Сооронбай Жээнбеков коррупция үчүн суракка алына турган 35 адамды билерин, алардын бири Өмүрбек Бабанов экенин айткан. Президент Жээнбековдун ал "тизмесинде" Райым Матраимов, Мамлекеттик бажыны Кулматовго чейин башкарган Азамат Сулайманов, Борбордук бажынын мурдагы жетекчиси Султан Мамасадыков өӊдүүлөр барбы?..
Мамлекеттик сатып алуулар порталына талкуу жараткан жарыя илинди. "Улуттук электр тармагы" ишканасы Ысык-Көлдө "Эл-Нуру" пансионатындагы 2 коттеджди 5 миллион 957 миң 700 сомго оӊдоп-түзөө үчүн тендер жарыялады.
Дароо 6 миллион сом көзгө урунат. Кыргыз өкмөтү ГЭСтерди оӊдоо үчүн сырттан акча суроого муктаж чакта, электр жабдууларын алмаштырууга акча керек деп тарифти көтөрүүгө киришкен учурда, Бишкек ЖЭБиндеги 1 эски насостун айынан бүт Бишкек 5 күн суукта калган маалда “Улуттук электр тармагы” салык төлөөчүлөрдүн 6 миллион сомун жайында “жакшы шартта эс алууга” сарптайбы? "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиевдин айтымында, Кыргыз өлкөсү энергетика тармагы үчүн алган карыздын суммасы 100 миллиард сомдон ашты. Бул Кыргыз Республикасынын 1 жылдык бюджетинин дээрлик үчтөн экиси.
Убагында 20-25 жылга деп алынган карыздарды төлөө мөөнөтү келди. Ушул жылдын 4-январында Жогорку Кеңеште “Электр станциялары” жана “Улуттук электр тармагы” ишканаларынын насыяларын кайра карап чыгуу жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган. Айбек Калиев бул ишканалар карыз алышы үчүн алардын 2017-жылдагы 2 миллиард 366 миллион сом, 2018-жыл үчүн 2 миллиард 570 миллион сом карызын 2038-2040-жылдарга жылдырып берүүнү сунуштап, депутаттар колдоп беришкен. Токтогул ГЭСи өӊдүү стратегиялык объекттер гранттык каражаттардын эсебинен оӊдолуп, жаӊыланып жатат. 23-январда биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев өлкөнү 1 жыл электр энергиясы менен камсыздоого 1 миллиард сом жумшалып жатканын айтып, “тарифти көтөрбөсөк алдыдагы жылдары караӊгыда калышыбыз мүмкүн”, - деп энергетика тармагынын чоңдору дайыма айтып келе жаткан сөздү дагы кайталаган. Бишкек ЖЭБиндеги авария өңдүү окуялар энергетиктердин пайдасына иштеп, “электр энергиясынын баасын көтөрүү керек” деген тема кайрадан активдүү көтөрүлүп баштады. Элге жарыктын баасын кымбаттатардан мурун өкмөт бул тармактагы баш аламандыкты, коррупцияны жоюп, кереги жок чыгымдарды иретке келтирип чыгабы?..
Саясатчы Адахан Мадумаров Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкөдөгү акыркы окуялар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп узатты. Саясатчы адаттагысындай эле кыргыз элин кайдыгерликке күнөөлөдү. Түрмөдө ачкачылык кармаган Бектур Асанов өӊдүү саясатчылардын абалын көрүп үн катпай жатат деп элди, Жогорку Кеӊештин депутаттарын сындады.
"Бүтүн Кыргызстандын" лидери Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиядан майнап чыкпайт дейт. Буга чейинки 39 адамдын өмүрүн алып кеткен Боинг кырсыгындагы жүк, Азиз Батукаевди кимдер сый менен узатып жибергени өңдүү окуяларды иликтемекчи болгон комиссиялар максатына жеттиби деп суроо салат саясатчы. Расмий маалыматка таянсак, 2010-жылдан 2015-жылга чейин парламентте 45 депутаттык комиссия түзүлгөн. Ишинин өтөсүнө чыкканы да, аягына чыкпаганы дагы бар. Жакында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, шаардыктар кыш чилдеде бир нече күнгө жылуулуксуз калышты. 2014-2017-жылдары ЖЭБди жаӊылоого деп Кытайдан насыяга алынган 386 миллион доллар кандай жумшалганын депутаттык комиссия иликтей турган болду. Түзүлгөнүнө 1 апта болсо да ЖЭБдеги авария боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек. Мадумаров бүгүнкү кырдаалды кыскача мындай сүрөттөдү: жетекчилерден талап кылган эл жок, элден корккон жетекчи жок...