Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши уланып, жарыш сөз жүрүүдө. Анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкова Саляновага эмне үчүн өз учурунда кылмыш иши ачылбаганына кызыкты. Анын пикиринде, кылмыш ишин ачуу керек болсо, 6 жыл күтүүнүн кереги жок болчу.
Жактоочу залда отурган прокурорлорго: "Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясы 2010-жылы узартылган. Андан 6 жыл өткөндөн кийин бул иш боюнча Саляновага кылмыш иши ачылып жатат. Эмне үчүн өз учурунда кылмыш иши ачылган жок, ал учурда саясий буйрук болгон эмеспи?" - деп кайрылды.
Ал бул ишке ошол учурда Салянованын орун басары Жылдыз Мамбеталиеванын түздөн түз тиешеси болгонун айтты. "Юстиция министрлигинде жалгыз гана Салянова иштеген эмес. Атайын борбордук аппарат иш алып барат, жетекчинин орун басарлары болот. Анын үстүнө адвокаттык иштерге Салянованын ошол учурдагы орун басары Жылдыз Мамбеталиева жооптуу болгон", - деди Сыдыкова.
Жылдыз Мамбеталиева иш Ленин райондук сотунда каралып жатканда негизги күбөлөрдүн бири катары көрсөтмө берген.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.