Салянованын жактоочусу: "Бир сайт ишке далил болуп бере албайт"

Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча коомдук жактоочу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзү уланууда. Ал Саляновага Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу боюнча кылмыш ишин козгоого негиз болуп берчү фактыларды далил катары эсептебей турганын айтууда. Анын пикиринде, Алексей Елисеевдин өзүнүн адвокаттык иштери боюнча ачкан сайты иш материалдарда Салянованы күнөөлөөгө негиз болчу фактылардын катарына кошулбашы керек.

"Аида Салянова Елисеевдин жактоочулук лицензиясын узартып, анын негизинде ал азыр чет өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүп, жадакалса сайт ачып иштетүүдө деп айыпталып жатат. Сайт бүгүн бар, эртең жок. Далилдер видео, аудио жана кол тамга жазуулар болушу керек. Андан сырткары иш материалдарга ишке тиешеси жок материалдар тиркелген", - деди Сыдыкова.

Ошондой эле ишти караган тергөөчүлөр Каттоо кызматынын базасында аты-жөнү жок адамдарды ишке күбө катары колдонушканын белгиледи. "Башкача айтканда, ал адамдар жок. Каттоо кызматынын маалыматы боюнча, алар Кыргыз өлкөсүндө жашаган эмес жана паспорт алышкан эмес", - деди коомдук жактоочу.

Айта кетсек, кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан