ӨКМ: "Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда 40 тонна күйүүчү май алып бара жаткан бензовоз оодарылып кетти"

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын айтуусуна караганда, окуя бүгүн, 6-февралда саат 12:15 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 125-чакырымында болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, унаа капталынан жыгылып калган. Унаада 40 тонна күйүүчү май болгон, оодарылган учурда анын бир канча бөлүгү төгүлүп калган. Окуя болгон жерге ӨКМнын кызматкерлери барып, учурда ал жерде иш алып барышууда", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Андан сырткары жол кырсыгынан эч ким жабыр тартпагандыгын да кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан