Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында 13 жаштагы өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, каза болгон бала №6-мектептин 6-классынын окуучусу болгон.
“Өспүрүм 2-февраль күнү өзүнүн сарайында асынып алган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат, азырынча окуянын себептери аныктала элек”, - деп билдирет облустук басма сөз кызматы.
Ошондой эле каза болгон баланын ата-энеси бар экени жана үй-бүлөлүк шарты жакшы болгондугу белгилүү болгон.