"Ош ОИИБинин жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковдун буйругуна ылайык, Ош ШИИБи 31-майдан тарта 12-июнга
чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт",- деп билдирди ШИИБинин
басма сөз катчысы Замир Сыдыков (сүрөттө). “Бул күндөрү укук коргоо органдары атайын иштелип чыккан жобонун негизинде иш жүргүзөт. Бүгүнкү күндө Июнь окуясынын 3 жылдыгына байланыштуу куран
окутулуп жаткан жерлерге катышып, ошол жерде түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Учурда шаарда абал туруктуу. Жылдан-жылга элдин
арасында ушак-айың азайып бара жатат. Улуттар аралык чыр-чатак
каттала элек”,- деди Сыдыков. Айта кетсек, бүгүн Ош шаарында 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясынын 3 жылдыгы эскерилүүдө.
Автор: Дастан Үмөтбай уулуФото: Дастан Үмөтбай уулу