"Мегакомду" сатып алуу боюнча швейцариялык "ALF Consulting SA" компаниясынан сунуш түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 6-февралда аталган чет өлкөлүк компаниянын каржы директору Мария Гамерданжеден кат келди. Анда компания "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатып алууга кызыкдар экенин билдирет. Учурда Маммүлктү башкаруу фонду "ALF Consulting SA" боюнча маалымат топтоп жатканын маалымдады.
Ачык булактарга таянсак, "ALF Consulting SA" компаниясы 2004-жылы түзүлгөн, кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан. Анда 5 штаттык кызматкер иштеп, чакан уюм деп саналат. Компания менеджмент тармагында кеңеш берүү боюнча кызматтарды көрсөтөт. Жылдык кирешеси болжол менен 1 миллион долларды түзөт.
Буга чейин 19-январда "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын сатып алууга кызыкдарлыгын "Ака минералз энд майнинг" компаниясы билдирген. Бул компания "Акылдуу шаар" долбоорун "Huawei" менен биргеликте ишке ашырмакчы.
Айта кетсек, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган.
Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду "Мегаком” компаниясын сатып алам деген орусиялык ишкер Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон. Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, тараптар эки жакты тең канааттандырган шарттарга жете алышкан жок.
2017-жылы 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында экс-президент Алмазбек Атамбаев "Мегаком" компаниясынын баасын дагы түшүрүш керек" деген пикирин айткан. Анын ою боюнча "Мегакомдун" баасын дагы 20-30 пайызга түшүрүүгө болот. "Ким көп берсе, ошого сатыш керек. Акчаны "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга жумшаш керек" деген Атамбаев.