Салянованын сотунда анын тарапташтары менен милициянын ортосунда чыр чыкты

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту уланып, жарыш сөз жүрүүдө. Анын жүрүшүндө Салянованын сот залында отурган тарапташтары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкты. Буга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын милиция кызматкерлери тарабынан сот залына кирүүсүнө тоскоолдук жаралуусу түрткү болду.

Сасыкбаева сыртта милиция кызматкерлери аны залга киргизбөө үчүн жулкулдатып жибергенинен улам өзүн жаман сезип жатканын айтты. Анын сөзүнөн кийин башкалар да милиция кызматкерлерине ачууланып, кыйкырып чыгышты. Алардын бири милициянын подполковниги элдин артында отуруп сөгүнүп жатат деп ызаланды. Подполковник сөгүнбөгөнүн билдирип, анын сөгүнгөнүн айтып чыккан адамды сыртка жетелеп чыгууга аракет кылды. Сыртка чыгып кайым айтышууга барышты.

Учурда абал тынчып, Салянованын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзү уланууда.

Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

Салянованын сотунда ызы-чуу (6.02.2018)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ermekbai
2018-02-06 17:02:44
Полковниктин ХХХХ....
0
Дарыгер
2018-02-06 18:08:15
Туура да соттор жакшы иштеп жатат. Сасыкбаева озу сузуп алып кайра догурунуп жатат. Милиция кызматкерлери буйрукту аткарышат
+1
Yasmina87
2018-02-06 18:31:29
Эркектердин ишине не катын аралашат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан