Салянованын соту. Коомдук жактоочунун биринчи инстанцияда айткан сөздөрү эске алынган эмес

Бишкек шаардык сотто депутат Аида Салянованын сот иши уланып, анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзү жүрүүдө. Ал биринчи инстанцияда айткан сөздөрү Ленин райондук соту тарабынан эске алынбаганына нааразычылыгын билдирди. Ишти сот Кубанычбек Касымбеков карап чечим чыгарган. Анын айтымында, сот Касымбеков анын иш боюнча жарыш сөзүн жана өтүнүчтөрүнүн бирин да ишке тиркеген эмес.

Касымбеков Сыдыкованы "материалга тиешеси жок сөздөрдү сүйлөп жатат" деген негизде жарыш сөздөн четтетип салган. Ал сөзүндө депутатка кылмыш ишин ачуудагы кемчиликтерди атаган.

Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан