"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши боюнча сот отурумунда анын коомдук жактоочусу Рабига Сыдыкованын жарыш сөзү уланууда.
Анын жүрүшүндө ишти карап жаткан соттук жамааттын төрайымы Ирина Воронцова Сыдыкованын жарыш сөзүн токтотууну талап кылды. Воронцова мындай чечим кабыл алууга анын бир айткан сөзүн кайталап айтып жатканы менен түшүндүрдү.
"Рабига Сыдыкова, жарыш сөзүңүздү токтотуңуз. Сиз эртеден бери бир айткан сөзүңүздү кайра-кайра кайталап жатасыз. Айыпталуучу Салянова сөзгө өтсүн", - деди Воронцова.
Соттун мындай чечимине Аида Салянова каршы чыкты. Ал коомдук жактоочу жарыш сөзүн сөзсүз аягына чейин окуусу керектигин белгиледи. Жыйынтыгында сот коомдук жактоочуга акыркы ирет эскертүү берди. Эгерде иш боюнча айткан сөздөрүн кайра дагы кайталоочу болсо, жарыш сөзү токтотулат.
Иш Ленин райондук сотунда каралып жатканда да сот Кубанычбек Касымбеков Сыдыкованы "материалга тиешеси жок сөздөрдү сүйлөп жатат" деген негизде жарыш сөздөн четтетип салган. Ал бүгүнкү отурумда биринчи инстанциядагы жарыш сөзү жана өтүнүчтөрү сот тарабынан ишке тиркелбей калганын айтып нааразы болду.
Кечээ, 5-февралдагы отурумда жактоочу Чынара Жакупбекова шаардык соттон райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Салянованы актоо өтүнүчүн келтирген. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар райондук соттун чечимин жокко чыгарып, депутатты 8 жылга эркинен ажыратуу менен мүлкүн мамлекеттин эсебине алууну суранышкан. Мамлекеттик айыптоочулардын айтымында, райондук соттун чечими жумшак чечим болуп калган. Прокурор сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгонун күтпөстөн дароо күчүнө кириши керектигин белгилеген.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган. Андан кийин Башкы прокуратура да арыз берген.