Нарын. ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин Нарын облусундагы көчмө жыйыны башталды

11-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин Нарын облусундагы көчмө жыйыны улантылат. Бүгүн, 10-июнда депутат Каныбек Осмоналиев Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаева жана башкалар облустагы билим берүү тармагындагы бир нече маселелерди талкуулашты. Талкууга Нарын мамлекеттик университетинин мугалимдери катышып, министрликке жана ЖКга тиешелүү бир топ көйгөйлөрдү, билим берүү тармагындагы кемчиликтерди жана сунуштарды айтышып, суроолор менен кайрылышты. Мындан ары Нарын шаарындагы билим берүү жана маданий мекемелерди кыдыруу орун алат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан