Бүгүн, 7-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянова боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Өкүм окулган соӊ сот залындагы катышуучулар Саляновага акыркы сөз берүүнү өтүнүп, талап орундалган жок.
2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан. Сот өкүмү анын учурда 2 жаштагы кызы 14 жашка толгондо же 2029-жылы күчүнө кирет.
Депутат шаардык соттун чечимине каршы экенин билдирип, Жогорку Сотко арызданарын айтты. "Булардын башкы максаты мени депутаттык мандаттан ажыратуу болчу" дейт эл өкүлү. Мыйзамга ылайык, шаардык соттун өкүм, чечими дароо күчүнө кирет. Демек, жакынкы күндөрү БШК тарабынан Аида Салянованын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат деп күтүүгө болот. Анын мандаты "Ата Мекендин" тизмеси боюнча кезектеги талапкерге берилет. Буга чейин соттолгон Өмүрбек Текебаевдин ордуна Искендер Гаипкулов депутат болуп келген. Тизмеге ылайык, Салянованын ордуна Гүлнара Самат Клара келери күтүлөт. Бул айым Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабилова. Ал Бакиевдин тушунда Бишкек шаардык кеӊешине шайлоодо Максим Бакиев тараптан коркутуу болгонун, өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканын айтып өлкөдөн чыгып кеткен окуясы менен белгилүү. Текебаев Кабилова тизмеге чет жердеги мигранттардын өкүлү катары киргенин билдирген.
Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш иши, ал иштин сотто каралышы боюнча экс-президент Роза Отунбаева кечээ президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жарыялады. Отунбаева Апрель революциясынан кийинки оор кырдаалда Жээнбеков менен бирге иштегенин, аны мыйзамдуулукту туу туткан адам катары билерин айтып, депутат Аида Салянова боюнча жүрүп жаткан сот процессине көңүл бурууга чакырды. Өз кайрылуусунда экс-президент “Салянова мыйзам чегинде иш кылгандыгы үчүн соттолушу керекпи?” деп суроо салды.
Роза Отунбаева 2010-2011-жылдары Убактылуу өкмөттүн төрайымы, өлкө президенти болуп турган. Бул жылдары Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору эле. Отунбаева менен биргеликте ажо ал кезде Кыргызды оор кайгыга салып кеткен кандуу Июнь окуяларынан өтүп, канга чыланып, өрт кучагында калган Ошту калыбына келтирген.
Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында эртеӊ, 8-февралда Коопсуздук кеӊешинин жыйыны өтөрү белгилүү болду. Анда дал ушул сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы абал талкууланганы жатат...
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ЖЭБдеги авария боюнча суроо берип, жоопкерчилик талап кылган эл өкүлдөрүнө "компетенттүү суроо бергенди билишпейт” деп нааразы. Бишкек шаардык кеӊешинин кезектеги сессиясында ЖЭБдеги авария боюнча маселе каралды. Баш калаанын башчысы Албек Ибраимов шаардык кеңештин депутаттарын "кышка даярдык боюнча төрт жолу жыйын өткөрдүк, баары кышка даярбыз деген. Мен эмне ЖЭБге барып насосту ачып көрүшүм керек беле? Күндө эле телеге чыгып маалымат бергидей диктор эмесмин. Эл айтты деп эле сүйлөй бересиңерби?! Конкреттүү кандай арыздар түшкөнүн айткыла" деп кекетти.
Суудан дайыма эле кургак чыга берүү мүмкүн эмес. "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, баш калааны жылуулук, электр энергиясы, суу, газ менен камсыз кылуу, шаарды таштандылардан тазалоо өңдүү иштер мэриянын, мэрдин тикелей милдети. Шаардык кеӊеш "эмне үчүн Бишкек 5 күн суукта калды?” деген суроону шаар башчы Ибраимовдон башка кимден сурашы керек эле?
Көрүнүп тургандай, шаардык кеӊеш өзү кызматка шайлаган мэрди эмес, тескерисинче мэр депутаттарды жарга такап, кандай сүйлөп, кантип “туура” суроо берүү керектигин үйрөтүүдө. Мэр - шаардык кеӊеш 4 жылга шайлаган кызмат адамы. Мыйзамга ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын үчтөн экиси мэрге ишеним көрсөтпөө жолу менен Ибраимовду кызматтан кетире алышат. 3 айдын ичинде 2 жолу ишеним көрсөтпөө жарыяланса премьер-министр мэрди мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга тийиш. Кыскасы, Бишкек шаардык кеӊешинде мэрди камчылап иштетүү укугу бар.
Албек Ибраимов Бишкектин мэри кызматына 2016-жылы февралда шайланган. Анын талапкерлигин шаардык кеӊештеги 45 депутаттын 42си колдоп, шайлоонун жыйынтыгына ыраазы Ибраимов шаардык кеӊештин алдында жоопкерчилик тартууга даяр экенин айткан. Андан бери 2 жыл өттү. 2017-жылы Өмүрбек Бабановдун "Республика - Ата Журт" фракциясы Бишкек шаардык кеӊешиндеги башкаруучу коалициядан чыгарылып, КСДП иштешүүгө ыӊгайлуу фракциялардан жаӊы альянс түзүп, шаардык кеӊештин спикерлиги да РАЖдан КСДПнын колуна өткөн. Мындай жагдай Ибраимовду "эркелетпей", тескерисинче жоопкерчилигин күчөтүшү керек. Анткени тараза ташында КСДПнын аброю турат...
Башкы прокуратура "МАИ кызматкерин видеого тартып, алардын уруксаты жок интернетке жарыялоого мыйзам жол бербейт" деген Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берди. Башкы көзөмөл органы чиновниктин айтканын "жол берилгис" деп атап, МАИ кызматкерин иш учурунда видеого тартып жарыялоого эч кандай тыюу жок экенин билдирди.
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 19-беренесине ылайык, кандайдыр бир адамдын сүрөтүн ал адамдын макулдугусуз жарыялоого жана таратууга жол берилбейт. Ошол эле учурда "сүрөттү жарыялоо жана таратуу соттун алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын талабына байланыштуу болгон учурларда, сүрөткө тартуу же башкача жол менен сүрөтүн алуу коомдук жайларда болгон кезде, мыйзамда каралган башка учурларда мындай макулдук талап кылынбайт” деп жазылган.
Ушул жылдын январында Саркулов МАИ кызматкерлерин иш учурунан уруксатсыз видеого тартып таратпаш керек деп чыккан. Бул аракет МАИ тармагындагы мыйзамсыз аракеттерди калкалоо, жарандардын мамлекеттик кызматтарга карата коомдук көзөмөлүн чектөө катары бааланып, сынга кабылган. Албетте, айдоочулардын МАИ кызматкерин шылдыӊдоо, коркутуп-үркүтүү, кемсинтүү аракеттерине жол берилбөөгө тийиш. Ошол эле кезде жол сакчылары мыйзамсыз аракеттерге барбай, таза, талапка ылайык иштесин десек жарандык коом тараптан күчтүү көзөмөлдүн болгону туура. Коом өзүн-өзү ушинтип тазалап, ушинтип тартипке келтирет...
"Мегаком" компаниясына жаӊы кардар чыкты. Швейцариялык "ALF Consulting SA" компаниясы "Мегакомду" сатып алууга кызыкдар экенин билдирип Кыргыз тарапка кат жөнөткөнүн Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду жарыялады. Өкмөт сунушту изилдөөгө, "ALF Consulting SA" боюнча маалымат топтоого киришти.
Интернет булактарындагы маалыматтарга таянсак, "ALF Consulting SA" компаниясы 2004-жылы түзүлүп, кеңсеси Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан. Чакан компанияда 5 штаттык кызматкер иштейт. Компания менеджмент тармагында кеңеш берүү боюнча кызматтарды көрсөтүп, жылдык кирешеси 1 миллион долларды түзөт. Бул "Мегакомду" сатып алуу ниетин билдирген 3-кардар. Уюлдук компанияны сатуу үчүн 2015-жылдан бери 3 жолу тендер жарыяланып, кардар чыккан эмес. Компанияны түз сатуу үчүн Кыргыз өкмөтү 2017-жылы Орусиялык жаран Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү баштап, коомдук сын-пикирден кийин сүйлөшүүнү токтоткон. Коомчулуктун суроосу мыйзам ченемдүү суроолор эле. Өлкөдө 2 миллиондон ашык абонент колдонгон уюлдук компания кандай инвесторго сатылганы жатат? Ал инвестордун бул тармакта тажрыйбасы барбы деген өңдүү суроолорго жооп табылбай жатып, уюлдук операторду бул жаранга сатуу аракети токтоп калган. Өкмөттүн маалыматы боюнча "Huawei" компаниясы менен бирге "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырганы жаткан "АКА инвест" компаниясы да "Мегакомду" сатып алууга кызыкдар экенин билдирген. Эми алыскы Швейцариядан "куда түштү". Адаттагыдай, өлкөдө бул компаниянын таржымалы кызыгуу жаратты. "ALF Consulting SA" компаниясы тууралуу иликтөө жүргүзгөн айрым журналисттер бул ишкананын Орусиялык олигархтар Борис жана Михаил Зингаревичтерге тиешеси бар болушу мүмкүн деген тыянакка келишти. Айтор, Нагорная, "АКА инвест" сыӊары жаӊы кардарга да коомчулукта суроо көп болору анык. Бул окуялар “Мегакомдун" наркын ылдыйлатууга иштеп жатат. 2015-жылы 20 миллиард сомго жакын акчага бааланган компаниянын баасы акыркы жолу тендер жарыяланганда 13,5 миллиард сомго чейин түшүрүлгөн...