Өлкө аймагында эки жуманын ичинде 137 өрт кырсыгы катталып, 5 адам каза болду

Кыргыз жеринде 19-январдан 2-февралга чейин 137 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоодон улам 5 жаран каза болуп, 6 жаран ар кандай жаракат алышкан.

"Өрттүн келип чыгуусуна көп учурда мештерди колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу, электр жабдыктарын туура эмес колдонуу, жаш балдардын от менен болгон шоктугу себеп болот", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, эки жума аралыгында ири өрт кырсыгы 30-январь күнү Бишкек шаарындагы "Ош базарында" катталган. Анда базардын 3 миң 500 чарчы метр аянты өрттөнүп, 118 соода оруну күйүп кеткен. Учурда тийиштүү мекемелер иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан