Экстремисттик иш-аракети боюнча издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, экстремисттик террордук уюмдарды колдоочуларын издөө жана кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүрүп, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган 1978-жылы туулган Б.Д. аттуу чет элдик жаран кармалды.
Кармалган адам, террордук уюмдардын чалгынчыларынын буйруктарынын негизинде, куралдуу "жихад" уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында саясий жана террористтик жашыруун топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталган.
Азыркы учурда ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.