Индияда 21 адамга ВИЧ илдетин жугузган жаран кармалды

Индияда өзүн дарыгер катары тааныштырып, 21 адамга ВИЧ илдетин жугузган жаран кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Индиянын Уттар-Прадеш штатында Ражендра Ядав аттуу киши өзүн коомчулукка дарыгер катары тааныштырып, ага жардам сурап кайрылган адамдарга инфекция бар шприцтер менен укол сайып, ВИЧ илдетин жугузган. Учурда ал 21 адамга ооруну жугузганы белгилүү болгон. Жергиликтүү полиция кызматкерлери азыркы тапта кылмышка шектүү кармалып, сурак берип жатканын жана анын колунан оору жуктуруп алгандардын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин билдирген.

БУУнун расмий маалыматына таянсак, Индияда ВИЧ инфекциясын жугузуп алган 2 миллиондон ашуун адам жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
abon
2018-02-07 12:58:14
озу да вич болсо башкаларга да жугузайын деген окшойт. бир мен олгонду каалабайм десе керек.
+3
atanazarov10
2018-02-07 13:08:28
КР келген айрыкча Ош шаарында жургон Индиялык кара самындарды да текшериш керек экен да анда
+5
Akylbek1984
2018-02-08 01:53:23
Каралар горячий болушат дешет го ошол чынбы... Ошон учун адамдын саны коп болсо керек да Индияда...
0
nazira...
2018-02-08 15:45:01
Ооба, Кыргызстанга келищкен индус,пакистанецтердин баарын текшериш керек го. Аябай сасык келишет, маршрутканын ичинде отура албайсын. Кыйкырып суйлошот анан да, этиканын билишпейт окшойт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан