С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети жабылып калуу коркунучунда тургандыгын аталган университеттин окутуучулары бүгүн, 10-июнда ЖКнын депутаттары менен болгон жыйында айтышты. Буга окуу жайдын айрым факультеттери Билим берүү жана илим министрлигинин алдында түзүлгөн комиссиянын чечими менен жабылып жаткандыгы себеп болууда. Учурда окуу жайда 4 илимдин доктору жана 41 илимдин кандидаты эмгектенет. Мындан сырткары 2500гө жакын студенттер билим алышууда. Окутуучулар Нарын облусуна ГЭСтер курулуп баштаганына карабастан fгрардык техникалык факультеттин жабылышы туура эмес деп эсептешет.